Бишкекте Свердлов районунун сотунун судьясы кармалды

Бишкекте Свердлов районунун сотунун судьясы кармалды
Photo by Bermix Studio / Unsplash

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. (Акылбек Адимов) ири өлчөмдө пара алгандыгы үчүн УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Мурда маалым болгондой, 2023-жылдын 27-сентябрында ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек баланы эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтыруу үчүн адвокаттын жардамы менен опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы И.Н.А. камакка алынган.

Ошол эле учурда, Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. көрсөтүлгөн жашы жете элек баланын жакын тууганынан адвокаттын ортомчулугу, ошондой эле жардамчысынын жана катчысынын жардамы аркылуу эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаны берүү үчүн пара алган фактысы аныкталган.

Кылмыш иштерине тиешеси бар адамдардан акча каражаттарын алуу боюнча белгиленген коррупциялык схеманын далилдөө базасын бекемдөө максатында бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында, 2023-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А., ошондой эле адвокат Ы.К.М. камакка алынды.

Учурда сот тутумунун арасында ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media
Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media