Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат

Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Такталгандай, БАЭдеги 30-ноябрдан 12-декабрга чейинки кезектеги Климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат жана глобалдык жылуулукту чектөө боюнча мындан аркы кадамдарды аныкташат.

“1-декабрда Садыр Жапаровдун БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт. 2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда. Иш сапар БАЭнин Улуттук күнүн майрамдоого Мамлекет башчысы катышып, ошону менен аяктайт", - деп белгиледи Азымбакиев.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджетке 2 млрд 982 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, салык чогултуу боюнча белгиленген план 108 %га аткарылган. Анын ичинен республикалык бюджетке 1 млрд 579 млн сом түшүп, план 112,2

Ишкер Media
Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Жогорку Кеңештин экологиялык коопсуздукту иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы Кара-Балта шаарындагы “Джунда”, “Азия Сталь” жана “СУ-4” ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти. бул тууралуу ЖКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүугө караганда, жергиликтүү тургундардын абанын булганышы боюнча арыздарынан улам “Азия Сталь” заводунун мештери убактылуу токтотулуп, учурда ишкана өндүрүштү модернизациялоо жана чыпкаларды

Ишкер Media
Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жай ишканаларын узак мөөнөттүү каржылоого багытталган атайын мамлекеттик банк түзүү сунушу коомдук талкууга коюлду. Экономика министрлиги сунуштаган долбоорго ылайык, өнөр жайды өнүктүрүү банкын мамлекеттин 100 % катышуусу менен ачык акционердик коом түрүндө түзүү каралууда. Акционердин ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети же берилген ыйгарым укуктардын чегинде ал ыйгарым укук

Ишкер Media
Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылында көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн 25 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курула баштады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирет. Маалыматка ылайык, Белек айылында буга чейин ипподром болгон. Жакында эле бул жерде Чүй облусунун 100 жылдыгы белгиленген. Аймакта ат чабыштарды өткөрүү

Ишкер Media