Депутат Кыргызстандын убактысын 1 саат артка жылдырууну сунуштады

Депутат Кыргызстандын убактысын 1 саат артка жылдырууну сунуштады

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева «Баткен Таңы» гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов менен баткендик дарыгер Нуралы Койлубаев АКИпресс маалыматтык агенттигине Кыргызстан убактысын 1 саат артка жылдыруу боюнча коомчулукка сунуш кылганын айтып, жооптуу мамлекеттик органдарга бул сунушту карап чыгууну табыштады.

«Бул сунушту көптөгөн жарандар социалдык тармактарда колдоп жатышат. Алардын айтымында, убакытты артка жылдыруу менен элдин психикалык саламаттыгын сактап, жаш балдарды таң эрте менен мектепке жана бала бакчага алып барууда бир катар түйшүктөрдөн арылса болот. Ошондой эле электр энергиясын үнөмдөө менен өлкөнүн экономикасына бир аз болсо да салым кошулат», - деди.

Эл өкүлү бул чечим биринчи кезекте элдин жалпы ден соолугу үчүн маанилүү экенин белгиледи.

«Бала бакчага барган балдарга, окуучуларга абдан кыйын болуп жатат. Алыскы айылдарда таңкы саат 5-6ларда туруп мектепке барган балдарды жолдо иттер талап, чие бөрүлөр кол салган учурларды да угуп жүрөбүз. Эрте турган балдардын саламаттыгына да терс таасирин тийгизет. Ошондуктан, жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргызстандагы убакытты 1 саат артка жылдырууну Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан карап чыгууга протоколдук тапшырма берүүнү сунуш кылам», - деди Миргүл Темирбаева.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media