ЖКнын төрагасы мекемелерди жасалып жаткан жолдордун сапатына көңүл бурууга чакырды

ЖКнын төрагасы мекемелерди жасалып жаткан жолдордун сапатына көңүл бурууга чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы иш сапарынын алкагында Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайку унаа жолунун абалы менен таанышты.

Эл аралык маанидеги жолдун жалпы узундугу 138 чакырымды түзөт. Быйыл 8,2 чакырымын оңдоо-түзөө үчүн 57 млн сом каралган. Бирок жасалып жаткан иштердин сапаты талапка жооп бербестигине күбө болгон Төрага тиешелүү жетекчилерди көзөмөлгө алууга чакырды.

"Жол жасалганы менен четиндеги тосмолор, арыктар жана өзгөчө кырдаалдарга байланышкан курулмалар толук бүткөрүлгөн эмес. Айрыкча жолдун тардыгы жүргүнчүлөр үчүн өтө кооптуу. Ал тургай кыш өтүп, жаз келер менен жол кайра оңдоп-түзөөгө муктаж болуп калышы толук мүмкүн. Андыктан, каражатты туура пайдаланып, эл аралык жолду аягына чейин тиешелүү стандарттарга ылайык, сапаттуу бүткөрүү шарт", - деген Нурланбек Шакиев жалпы 138 чакырымдык жолдун тейлөө иштери да начар экенин айтып, толук асфальттаганга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги каттамдын коопсуздугун камсыздашы керектигин белгиледи.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен баарлашып, өлкөдө жасалып жаткан реформалар тууралуу учкай кеп кылган Төрага: "Акыркы үч жыл аралыгында мамлекеттин казынасы үч эсе өстү. Натыйжада калк турмушун жакшыртууга багытталган ири долбоорлор ишке ашырылып, социалдык мекемелер, жолдор салынууда. Бирок жасалып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурулушу керек. Ар бир тыйындын эсеби бар. Аны пайдасыз коротууга болбойт, Жогорку Кеңеш сөзсүз көзөмөлдөйбүз", - деди.

Мындан тышкары окуңуз

"Сүрөтчүлөр үйү" боюнча талаш: мэрия маалыматтарды четке какты

"Сүрөтчүлөр үйү" боюнча талаш: мэрия маалыматтарды четке какты

Бишкек шаарынын мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттарында тараган "Сүрөтчүлөр үйү" боюнча токтом долбоору соттун чечиминен кийин кайра чакыртып алынган деген маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Муниципалитеттин билдирүүсүнө ылайык, долбоор коомдук талкууда турган учурда да, аны күн тартибинен алып салуу каралып жаткан учурда да сот тарабынан чектөө чаралары

"АБанк" агроөндүрүүчүлөрдү колдоого 500 млн сом бөлдү

"АБанк" агроөндүрүүчүлөрдү колдоого 500 млн сом бөлдү

"АБанк" ААКы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, кооперативдерди жана агробизнести колдоого багытталган "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо – 2" (ФОТП–2) программасын ишке киргизди. Бул максатта 500 млн сом каражат бөлүндү. Жаңы продукт айыл чарба кооперативдерине, акционердик коомдорго жана ЖЧКларга багытталган. Программа үч негизги багытты камтыйт: мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү

Бишкекте бирөөнүн 150 миң долларын алдап алган шектүү кармалды

Бишкекте бирөөнүн 150 миң долларын алдап алган шектүү кармалды

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы 3-апрелде өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ал 2023-жылдын 26-июлунда 150 миң долларын Кытайга которуп берүү үчүн берген, бирок алданган. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча катталган. Милиция

Кыргызстандын өкүлү эл аралык соода комитетинде вице-төрага болуп шайланды

Кыргызстандын өкүлү эл аралык соода комитетинде вице-төрага болуп шайланды

1-3-апрелде Бангкок шаарында Азия жана Тынч океан регионунда трансчек аралык кагазсыз сооданы жөнөкөйлөтүү боюнча Алкактык макулдашуунун Туруктуу комитетинин бешинчи сессиясы өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйындын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Заир Конурбаев Туруктуу комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Ал эми төрага болуп Азербайжан Республикасынын