Төраганын орун басары Джамиля Исаева Европа парламентинин депутаттары менен жолугушту

Төраганын орун басары Джамиля Исаева Европа парламентинин депутаттары менен жолугушту

Бүгүн, 19-декабрда, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева “Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин теңтөрагасы Томас Здеховски баштаган Европа парламентинин делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык байланышты бекемдөө маселелери талкууланды.

Төраганын орун басары Джамиля Исаева мындай жолугушуулар эки тараптуу алакаларды арттырууга өбөлгө түзөрүн белгилеп:

“Европа Биримдиги Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келе жаткан ишенимдүү өнөктөшүбүз. Биз Европа Биримдигинин демократиялык реформаларды жүргүзүү аракетибиздеги колдоосун өзгөчө жогору баалайбыз. Биз демократиялык процесстерди чыңдоодо, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөдө жана адам укуктарын коргоодо олуттуу ийгиликтерге жетишкенибиз менен сыймыктанабыз», - деген Джамиля Исаева эки тараптуу кызматташтык бардык деңгээлде жигердүү өнүгүп жатканын кошумчалады.

Муну менен катар төраганын орун басары Джамиля Исаева “Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин бүгүнкү жыйынынын маанилүүлүгүнө токтолуп, анын жүрүшүндө эки тараптуу байланыштын көптөгөн аспектилери боюнча пикир алмашуу болгонун белгиледи.

Өз кезегинде “Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин теңтөрагасы Томас Здеховски иш сапарынын негизги максаты тууралуу сөз кылып, Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды чыңдоого өзгөчө басым жасады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media
Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. Жыйында

Ишкер Media
McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media