Өкмөт мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун отчетун укту

Өкмөт мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун отчетун укту

Министрлер кабинети мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетун укту.

Минкаб тактагандай, «Манас» ААКтын маалыматы боюнча, 2023-жылга капиталдык салымдардын көлөмү 5 млрд сомду түздү.

Мындан тышкары 7 жаңы каттам ачылып, бардык аймактык аэропортторду реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

Бул докладды уккан соң министрлер кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын авиациясын ИКАОнун кара тизмесинен чыгаруу маселесине токтолду.

Ал ошондой эле өлкөнүн алыскы аймактарына ички каттамдар үчүн учактарды сатып алуу зарылдыгын белгиледи.

Андан соң «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын маалыматы угулду.

Заводду модернизациялоого 280 миллион кредиттик каражат бөлүнгөн, мындан тышкары биргелешкен аракеттердин аркасында 2020-2021-жылдары рентабелсиз болгон ишкананы кирешеге киришин камсыздоого мүмкүн болгону айтылды.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкананын кирешеси 400 миллион сомду түзгөн.

Мамлекеттик ишкананын маалыматын уккан Министрлер Кабинетинин башчысы өндүрүлүп жаткан продукциянын сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана ушундай эле ишкананы түштүк аймагында ишке киргизүүнү тапшырды.

Министрлер Кабинетинин башчысынын айтымында, 2024-жылы Майлуу-Суу лампа заводунда айнек бөтөлкөлөрдү чыгаруу боюнча жаңы линия ишке киргизилет.

«Спирт заводу Майлуу-Суу заводуна айнек идиштерге, ал эми «Учкун» басмаканасына акциздик маркаларга буйрутма бериши керек. Ошентип, мамлекеттик ишканалар өз кирешелерин камсыздай алат, ал эми финансылык активдер мамлекеттик компаниянын балансында калат. Өз ара буйрутмалар, кеңеш берүү жагынан да, бизнес жагынан да жардам көрсөтүү мамлекеттик ишканаларды «минустан» чыгарууга жардам берет», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик чыгашасы көп ишканалардын отчеттору да угулду.

Алсак министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасынын эки жылдан бери рентабелдүү эмес ишмердүүлүгүн сынга алды.

«Эмне үчүн мамлекет пайда көрбөгөн, андан дагы монополист ишкананы кармап турушу керек», - деп Акылбек Жапаров белгилеп, бул ишкананы жоюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
«Ар бир мамлекеттик компаниянын бизнес-планы жана процесстерди түшүнүүгө башкаруучулук мамилеси болушу керек. Кызматтык унааларды сатып алуу жана кеңсени ремонттоп коюу- бул эффективдүү башкаруу эмес, бул жөн гана  чыгымдар. Технологияларды сатып алып, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу керек», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров жана мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилерине 25-январга чейин мамлекеттик ишканаларды мындан ары өнүктүрүү боюнча бизнес-пландарды тапшырууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media