Акылбек Жапаров Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас менен жолукту

Акылбек Жапаров Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Минкаб төрагасы 2023-жылы Кыргызстан менен Евробиримдиктин аймактар аралык жана эки тараптуу деңгээлдеги кызматташуусу динамикалуу өнүккөнүн белгиледи. Анда Борбордук Азия жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн лидерлеринин кезектеги жолугушуусу болгону, ошондой эле Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишельдин Кыргызстанга болгон биринчи расмий сапары айтылды.

 “2024-жыл европалык өнөктөштөр менен жогорку деңгээлдеги жолугушуу менен башталганы кубандырат. Бул жолугушуу 2023-жылдын июнь айында Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбордук Азия - Европа биримдигинин саммитинде биздин лидерлер койгон милдеттерге жооп берет деп ишенем”, - деди ал.

Акылбек Жапаров өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп жатып, Кыргызстан Европа менен Азияны байланыштырган маанилүү аймак экенин белгиледи. Ал “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу сыяктуу өлкөнүн ири инфраструктуралык долбоорлору тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Еврокомиссиянын Вице-президенти Маргаритис Скинас меймандостукта жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулаарын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан