Кочкордогу «Болот» базарынын ээси кармалды – УКМК

Кочкордогу  «Болот» базарынын ээси кармалды – УКМК

Нарын облусунун Кочкор районундагы «Болот» соода-базар комплексинин ээси – Кочкор райондук кеңешинин мурдагы депутаты Б.Б.нын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тинтүү иштери учурунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактар, МП-155 үлгүсүндөгү мылтык, анын октору, Калашников автоматынан 5х45 калибриндеги ок-дарылары жана ошондой  эле «Болот» соода-базар комплексинине тиешелүү документтер табылып алынды.

Аны менен катар Б.Б.нын наамына берилген КР ИИМ кызматкеринин 2 күбөлүгү жана Кочкор айылдык кеңешинин депутатынын бир күбөлүгү табылып алынды.  Ошондой эле, КР ИИМде катталган 2006-жылкы  «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унаанын техникалык паспорту да табылып алынган.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын январь айында соода-базар комплекстеринде чарба жүргүзүүчү субъектилерге ылайыктуу шарттарды түзүүдө тийиштүү мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө  «Болот» соода-базары комплексинин администрациясы тарабынан алдамчылык фактылары аныкталган.

Аталган Б.Б. сатуу-сатып алуу келишимин жана башка укуктук документтерди түзбөстөн, ишкерлерге  соода жайларын (40 тонналык контейнердин төрттөн бир бөлүгүн, аянты болжол менен 7,5 м²) 70 миң сомдон 130 миң сомго чейин сатып жибергендиги ачыкталган.           

Муну менен катар, Б.Б. коммерциялык жайларды сатканына карабастан, карамагында бүтүндөй базардын жер тилкелери бар деген шылтоо менен контейнерлерди (соода жайларын) сатып алган ишкерлерден ушундай эле белгиленген ижара акысын өндүрүүнү уланткан.

Мындан тышкары, жеке контейнерлер кандайдыр бир себептер менен бош туруп калган учурда, ишкерлерден ижара акысын алуу улантылган. Андан соң Б.Б. ижарага карызын топтоп жатат деген шылтоо менен ишкерлерден контейнерлерди тартып алып, соодагерлер бул соода түйүндөрүндө сатып алуулар үчүн акча төлөп жаткандыгына көңүл бурбастан, өзүм билемдик менен кайра сатып же башкаларга ижарага берген. Натыйжада соода жайларынын мурдагы ээлери контейнерлерден, ошондой эле компенсация катары каражат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан.

Ишкерлердин базар жетекчилигине сатып алуу-сатуу келишимин түзүү же инвестицияланган каражатты кайтарып берүү өтүнүчү боюнча Б.Б. коркутуу жана агрессивдүү реакция менен жооп кайтарган. Аталган соода комплекстеринде ишкерлердин нормалдуу иштеши үчүн зарыл шарттар түзүлгөн эмес. Соода жана оюн-зоок комплексинде айрым оңдоолор ишкерлерден кошумча бөлүнгөн каражаттардын эсебинен гана жүргүзүлгөн.

Бул боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media
Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media
Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media
Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media