Банкроттук иштер боюнча департаментинин кызматкерлери кармалды – УКМК

Банкроттук иштер боюнча департаментинин кызматкерлери кармалды – УКМК
Photo by Bermix Studio / Unsplash

Экономика жана каржы министрлигинин мурдагы кызматкерлери жана жеке компаниянын негиздөөчүсү Т.Ж.К., К.Н.К. жана С.Т.Ж. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, атайын администрациялоо жол-жобосун аткаруу учурунда С.Т.Ж. аттуу жеке компаниянын негиздөөчүсү К.Н.К. менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барышкан. Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд менен Эсептешүү келишимин түзүүнү демилгелеп, ал банкроттук жол-жобосунан чыгууга жана фонддун уруксаты менен жер участогун турак жайды үлүштүк куруу үчүн пайдаланууга мүмкүндүк берген. Бул эсептешүү келишимине карама-каршы келет.

Компаниянын Каржы министрлигине караштуу ФКФга болгон карызы 11 млн 475 миң 590 АКШ долларын түзөт. Ошол эле учурда атайын администратор С.Т.Ж. ошол эле компаниянын башкы директору болуп дайындалган.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен аталган ишкананын негиздөөчүсү жана ээси К.Н.К. экени аныкталган. Ал үлүштүк курулуш аркылуу курулуп жаткан турак жай комплексиндеги турак жайларды сатуудан 200 миллион сомдон ашык акча каражатын алып салган. Ошону менен бирге, Финансы министрлигине караштуу ФКФга болгон карыз COVID-19дун узакка созулган кесепеттерин шылтоолоп төлөнбөй калган.

2024-жылдын 5-февралында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул фактыга тиешеси бар адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media