Кызыл-Кыяда «Унаанын» бөлүм башчысы жана адиси кармалды – УКМК

Кызыл-Кыяда «Унаанын» бөлүм башчысы жана адиси кармалды – УКМК

«Унаа» МИнын айрым кызматкерлери автотранспорт каражаттарын ташуучу жеке адамдар менен макулдашууга барып, туруктуу коррупциялык схема түзгөндүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда, «Унаа» мамлекеттик ишканасынын адистери коррупциялык схеманы уюштуруп, анда жеке адамдар кузовдун жана кыймылдаткычтын айрым тетиктери деген шылтоо менен автомашиналарды алып келүү менен алектенишкен, бул аларга импорттук бажы жыйымдарын кыйла азайтууга мүмкүндүк берген. Бирок, ушундай жол менен алынып келинген автоунааларда каттоого туруу үчүн баштапкы документтери болгон эмес. Буга карабастан, «Унаа» мамлекеттик ишканасынын башчысы жана адистери материалдык пайда алуу максатында акыркы бир нече жыл аралыгында Корея Республикасынан автотранспорт каражаттарын ташып келүү менен алектенген жеке адамдар менен тил табышып, баштапкы документтери жок 600дөн ашык автоунаа каражаттарын өлкөнүн аймагына каттоого алышкан. Натыйжада, мамлекеттик бюджетке миллиондогон долларлык зыян келтирилген.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында коррупциялык схема түзүүгө тиешеси бар деп, 2024-жылдын 19-февралында «Унаа» мамлекеттик ишканасынын Кызыл-Кыя бөлүмүнүн башчысы К.А.Т. жана «Унаа» мамлекеттик ишканасынын адиси К.Т.Н. кармалып, УКМКнын убактылуу  тергөө абагына киргизилген.

Учурда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бул ишке тиешеси бар башка кызматкерлерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media