Кыргызстан менен Япония өнүктүрүү фондун түзүү маселелери талкуулады

Кыргызстан менен Япония өнүктүрүү фондун түзүү маселелери талкуулады

Японияда финансы министринин орун басары Рулсан Татиков менен Япониянын Финансы министринин орун басары Масато Канданын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн ийгиликтүү тенденцияларын белгилеп, достук мамилелердин мындан ары да чыңдалышына ишеним билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестицияга, модернизацияга жана өнөр жайды өнүктүрүүгө, ошондой эле эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты жана соода жүгүртүүнү натыйжалуу кеңейтүүгө салым кошо турган Кыргыз-Япон өнүктүрүү фондун түзүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары, тышкы карызды климаттык долбоорлорго тиешелүү финансылык ресурстарды инвестициялоо аркылуу алмаштыруу маселеси көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Финансылык башкаруунун маалыматтык системасын реформалоодо тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга жетишти.

Ошондой эле Япония өкмөтүнүн мамлекеттик кызматкерлерди окутуу боюнча Гранттык программасын (JDS) ишке ашыруунун натыйжасында алынган адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Маалымат үчүн: JDS долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине КР Өкмөтүнүн кадрларды даярдоо боюнча саясатын колдоо жана Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында Япониянын ЖОЖдорунда магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media