Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймактары боюнча талкуу жүрдү
![Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймактары боюнча талкуу жүрдү](/content/images/size/w1200/2024/04/661a21230b61c-1.jpeg)
Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү.
Бул жолугушуунун алкагында топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек аймактары боюнча биргелешип изилдөө иштерин жүргүздү.
Тараптар КРнын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды тактоо боюнча ишти улантат.