МинКаб бюджеттик каражаттардын натыйжалуулугун текшерүү боюнча жыйын өткөрдү

МинКаб бюджеттик каражаттардын натыйжалуулугун текшерүү боюнча жыйын өткөрдү

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык объектилерди жана жол курулуштарын каржылоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын туура пайдаланылышын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Комиссияны түзүү тууралуу чечим быйыл август айында кабыл алынган. Анын негизинде социалдык объектилерди жана автомобиль жолдорун куруу боюнча өзүнчө комиссиялар уюштурулган.

Жыйында Адылбек Касымалиев комиссиялардын негизги максаты — мыйзам бузууларды, кемчиликтерди жана натыйжасыз чыгымдарды аныктоо жана аларды жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу экенин белгиледи. Ошондой эле бюджеттик каражаттарды пайдаланууда ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик жогорулашы керектигин кошумчалады.

Текшерүүлөр 2022–2025-жылдар аралыгындагы мезгилди камтыйт. Жыйында уюштуруу иштери жана текшерүү методикалары боюнча маселелер да каралды.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан