Өкмөттө нефть азыктарынын резерви талкууланды

Өкмөттө нефть азыктарынын резерви талкууланды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун нефть жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө нефть азыктарын жеткирүү, логистика, резервдердин көлөмү жана күйүүчү майга болгон баалар боюнча маселелер талкууланды. Өзгөчө, рынокто тартыштыктын алдын алуу жана баанын негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча маселелерге көңүл бурулду.

Өкмөт мүчөлөрү учурдагы абал тууралуу маалымат берип, процесстерди жакшыртуу боюнча сунуштарын ортого салды. Ошондой эле, өлкөдөн нефть жана нефть продуктыларын сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу чечими күчүндө экени эске салынды.

Кеңешменин жыйынтыгында Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда:

күйүүчү-майлоочу материалдардын баасына көзөмөлдү күчөтүү;
жетиштүү көлөмдө май резервин түзүү;
рыноктогу кырдаалга ыкчам реакция кылуу;
жарандар менен ишканаларды туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыздоону камсыздоо.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан