Шайлоого даярдык көрүүчү республикалык штабдын жыйыны болду

Бүгүн, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана ишке ашыруу боюнча республикалык штабдын биринчи отурумун өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө шайлоо комиссияларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча негизги маселелер талкууланды.
Төрага мамлекет шайлоо процессин мыйзамды так сактоо менен уюштурууга кепилдик берээрин, бардык катышуучуларга бирдей шарттарды камсыздап, административдик ресурсту колдонууга жол бербей турганын белгиледи.
Адылбек Касымалиев жооптуу мамлекеттик органдарга бардык шайлоо участкаларында коомдук тартипти, электр энергиясы менен туруктуу камсыздоону, ишенимдүү интернет байланышын камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүнү тапшырды.
