Блокчейнди өнүктүрүү кеңешинин отуруму өтүп жатат

Блокчейнди өнүктүрүү кеңешинин отуруму өтүп жатат

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин отуруму болуп жатат. Талкууга КР Президенти Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилиги жана Binance компаниясынын өкүлдөрү катышууда. 

Анын жүрүшүндө С.Жапаров - Кыргызстан региондогу виртуалдык активдер жөнүндө мыйзамды кабыл алган жана бул жаатта ырааттуу мамлекеттик саясатты иштеп чыккан бир нече өлкөлөрдүн бири болуп саналаарын баса белгиледи.

Өлкөдө виртуалдык активдер рыногу активдүү өнүгүп жатат. Лицензияланган катышуучулардын саны өсүүдө, ченемдик укуктук база бекемделүүдө жана инфраструктуралык демилгелер пайда болууда. Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуунун глобалдык индексинде 19-орунда турат жана Борбордук Азияда алдыңкы орунду ээлейт. Бул санариптик чечимдерди коомдун жогорку деңгээлде кабыл алуусун чагылдырат. Анткени менен бул бизге олуттуу жоопкерчиликти жүктөйт.

Президенттин айтымында, Санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана адистерди даярдоо негизги артыкчылык болушу керек. “Биз сабаттуулукка инвестиция салып, бул жаңы чөйрөдө иштей ала турган жумушчу күчтү өнүктүрүшүбүз керек” – деп билдирди, мамлекет башчы.  

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан