Илим, технология жана экономикага жаңы мүмкүнчүлүк ачкан протокол ратификацияланды

Илим, технология жана экономикага жаңы мүмкүнчүлүк ачкан протокол ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата жаңыланган Протоколду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 17-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын максаты — Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик ортосундагы келишимге байланыштуу жаңыланган Протоколду күчүнө киргизүү, радиациялык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарды эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү жана техникалык кызматташуу программаларын толук колдонуу.

Жаңыланган Протокол массалык жок кылуучу куралдар жана башка кооптуу материалдарды мыйзамсыз жеткирүүнүн жана жайылтуунун алдын алуу, ошондой эле химиялык, радиоактивдүү жана биологиялык сезгич материалдарды чакан санда жеткирүүлөрүн көзөмөлдөө механизмдерин жакшыртууга багытталган.

Протоколдун ратификациясы өлкөгө илимде, технологияда, экономикада жана эл аралык кызматташтыкта жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан