Өкмөт бийик тоолуу деп 33 жаңы калктуу конушту каттады
Министрлер Кабинети 33 жаңы калктуу конуштарды бийик тоолуу деп бекитти. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
МинКабдын токтому менен Кыргызстандын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын жаңы тизмеси бекитилди. Мурда жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөр жана “Мамкартография” мекемесинин анализинин негизинде, 33 калктуу конуш бийик тоолуу катары катталды.
Ошондой эле 62 калктуу конуш тизмеден чыгарылды: 24 конуш жок болуп, 38 конуш бийиктиги 1800 метрден төмөн болгондуктан алынган. Бул чечим “Бийик тоолуу, алыскы жана кыйын шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” Мыйзамга ылайык кабыл алынган.