Кыргызстан 34 мамлекетте 100 шайлоо участогун ачат

Кыргызстан 34 мамлекетте 100 шайлоо участогун ачат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Тынчтык Шайназаров жана Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Белгиленгендей, чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар үчүн 34 мамлекетте 100 шайлоо участогу ачылат. Мамлекеттик органдар адистерди окутуп, техникалык жабдууларды текшерүү жана эл аралык байкоочуларды чакыруу иштерин жүргүзүп жатышат.

Данияр Амангелдиев өз сөзүндө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону ачык, мыйзамдуу жана коопсуз өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи:

«Алдыдагы шайлоо өлкөбүздүн демократиялык өнүгүүсүндөгү маанилүү этап. Чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз да добуш берүүгө толук укуктуу. Биздин милдет — алардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу жана ар бир жарандын добушу так эсептелишин камсыздоо», — деди ал.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Ош базарындагы этти дүңүнөн сатчу жай "Алтын Така" базарына көчтү

Ош базарындагы этти дүңүнөн сатчу жай "Алтын Така" базарына көчтү

Ош базарындагы түндө башталчу дүң эт сатуу бүгүнтөн тарта жаңы “Алтын-Така” базарындагы “Чүйгүн” эт павильонуна көчүрүлгөнү тууралуу маалымат соцтармактарга чыкты. Бул кадам Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык эл аралык стандарттарды кармануу максатында жасалган. Мамлекет эми Бишкекке тарачу эттин баасын жана сапатын тыкыр көзөлгө алат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды,

Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Жыл башынан бери Баткен облусунда 50 миң 909 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.  Анын ичинде:  * мас абалында унаа башкарган — 1108 айдоочу; * ылдамдыкты ашырып айдаган — 7798 айдоочу; * терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан — 268 айдоочу; * тийиштүү документтери жок унаа башкарган — 1824 айдоочу; * автоээнбаштык кылган — 63 айдоочу; * жол

Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылы радиожыштыктарды сатуу боюнча 4 онлайн-аукцион өткөрүлгөн. Аукциондордун жыйынтыгында жалпы сатуу суммасы 1 миллиард 557,5 миллион сомду түзгөн. Аукциондор боюнча маалымат: Негизги түшүм 2575–2625 МГц диапазонундагы (тилкенин туурасы 50 МГц) радиожыштыкты сатуудан түшкөн. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында LTE технологияларын

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбай тургандыгын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасында түз эфирде билдирди. Ал белгилегендей, учурда күбөлүктү алмаштырууга даярданган жарандардын маалымкат алуу үчүн бейтапканаларда кезеги көбөйгөнү айтылууда. “Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 медициналык маалымкат талап кылынбайт. Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз