Мыкты студенттерге бүгүн президенттик стипендия тапшырылды

Мыкты студенттерге бүгүн президенттик стипендия тапшырылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Жогорку окуу жайлардын 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. Мамлекет башчысы студенттердин алдында сөз сүйлөп, Президенттик стипендия – бул жөн эле бир материалдык колдоо эмес, студенттердин талыкпаган эмгегинин, ташкындаган талантынын жыйынтыгы жана аларга шык берүү аракети экенин белгиледи.

“Бүгүн биз өлкөбүздүн билим берүү системасын эл аралык талаптарга жооп бергидей кылып жаңыртуунун аракетиндебиз. Биздин максат – студенттердин билим алуусуна гана эмес, дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү болуусуна шарт түзүү. Мына ошондуктан, жогорку окуу жайлардагы илимий изилдөөлөрдү колдоого, жаштардын чыгармачыл жана коомдук ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруудабыз”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров студенттерге ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап, президенттик стипендияларды тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан