Президент салык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамына кол койду

Президент салык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамына кол койду

Президент Садыр Жапаров кечээ салык салуу тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. 

Аталган документ салык мыйзамын жакшыртуу, салыктык администрациялоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, ошондой эле таза атаандаштык үчүн шарт түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу максатында кабыл алынганы айтылат. 

Тагыраак айтканда, эми базарлар менен кичи базарлар аймагында иштеген субъектилердин салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо көзөмөлүн МинКаб бекиткен базар администрациялары жүргүзөт. 

Мындан сырткары жаңы документке ылайык жүн, тери жана мурда колдонулган аккумуляторлорго байланышкан ишкерлик киреше салыгынан бошотулат. 

Ошондой эле жаңы мыйзамда футбол тармагы боюнча, эмгек мамилеси алкагында (анын ичинде эмгек акы, сый акы, кошумча акы, сыйлык, компенсация, материалдык жардам, ошондой эле башка стимул бере турган төлөмдөр кошулат) иш жүргүзгөн мекемелердин жалданма жумушчулар аркылуу табылган кирешелеринен киреше салыгы алынары каралган.

Мындан сырткары документте эмгек акынын накталай эмес формасы юридикалык жактар эле эмес, жеке ишкерлер тарабынан да жүргүзүлөрү жазылган. 

Мындан тышкары окуңуз

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан"постунда жаңы имарат пайдаланууга берилди

"Чычкан" постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилгенин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды. Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып,

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан