Садыр Жапаров: "Берекет банк" аркылуу өлкөгө миллиарддаган каражаттар келет"

Садыр Жапаров: "Берекет банк" аркылуу өлкөгө миллиарддаган каражаттар келет"

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде жаңы ачылган "Берекет банк" тууралуу айтып, анын негизделиши дүйнөгө белгилүү Binance компаниясынын ээси Чанпен Чжаонун сунушу менен болгонун билдирди. Анын айтымында, бул - жеке бизнес долбоор аркылуу өлкөгө ири көлөмдөгү инвестициялар тартылат.

Эске салсак, бул банктын ачылышына Президенттин уулу Нурдөөлөт Нургожоев менен ЖКнын мурдагы депутаты Марат Султановдун да тиешеси бар деген маалымат бар. 

Өлкө башчысынын билдиришинче, ушул жылдын май айында Чанпен Чжао Кыргызстанда биргелешип санарип банк ачуу сунушун берген. Президент ага аны мамлекеттик банк катары ачууну сунуштаганда ал макул болбой, жеке банк ачуу тууралуу макулдашышкан. 

Банктын уюштуруу иштерин жүргүзүүнү экс-чиновник Марат Султановго мамлекет башчы өзү сунуштаган. Марат Султанов менен Чанпен Чжаонун өтүнүчү менен бул ишти алып кетүүгө Президенттин уулу Нурдөөлөт Нургожоев кошулган. 

“Чанпен Чжао мырзаны канчалаган мамлекеттер өз өлкөлөрүнө чакырып келтире албай жүрүшөт. Бул кишинин бизге келиши менен ушул банк аркылуу өлкөгө миллиарддаган каражаттар келет. Башка негиздөөчүлөр да кирет бул банкка.

Мамлекетибиз, элибиз бул банктын пайдасын гана көрөт. Зыяны тийбейт. Банк кадимки эле банктардай болот. Бирок, көбүн эсе виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иштеген банк болот”,-дейт бул маегинде. 

Мындан тышкары окуңуз

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан

Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда

Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда

Күн мурун Экономика жана коммерция министрлигинде Бажы биримдиги (ББ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө техникалык регламенттердин аткарылышы, шилтеме ченемдеринин ишке ашырылышы жана көйгөйлүү маселелер каралды. Маалыматка ылайык, учурда ЕАЭБ алкагында 53 техникалык регламент кабыл алынып, алардын 48и