Дохада социалдык өнүгүү маселелери боюнча экинчи дүйнөлүк саммит өтүп жатат

Дохада социалдык өнүгүү маселелери боюнча экинчи дүйнөлүк саммит өтүп жатат

Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында социалдык өнүгүү маселелери боюнча экинчи дүйнөлүк саммит өтүп жатат. Ага Кыргызстандан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаевдер катышты.

Саммитке мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жакырчылыкты жоюу, ачкачылык менен күрөшүү жана социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу боюнча глобалдык аракеттерди талкуулоо үчүн чогулушту.

Ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Эдил Байсалов КРсы Ачкачылыкты жана жакырчылыкты жоюу боюнча глобалдык альянстын максаттарын колдой турганын жана билим берүү, саламаттыкты сактоо жана калктын социалдык жактан коргоо тармагында масштабдуу реформаларды ырааттуу түрдө ишке ашырып жатканын белгиледи.

Саммиттин жыйынтыгында БУУга мүчө мамлекеттердин социалдык саясатты күчөтүү, билим берүүгө жана саламаттыкты сактоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, ошондой эле туруктуу өнүгүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо боюнча жамааттык милдеттенмелерин чагылдырган Саясий декларацияны кабыл алуу пландаштырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан

Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда

Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда

Күн мурун Экономика жана коммерция министрлигинде Бажы биримдиги (ББ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө техникалык регламенттердин аткарылышы, шилтеме ченемдеринин ишке ашырылышы жана көйгөйлүү маселелер каралды. Маалыматка ылайык, учурда ЕАЭБ алкагында 53 техникалык регламент кабыл алынып, алардын 48и