Кыргызстан жана Мисирдин мамлекет башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болду

Кыргызстан жана Мисирдин мамлекет башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болду

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн Мисир Араб Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Египеттин Президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен тет-а-тет форматында жолугушту. Анын жүрушундө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчылары бул сапар кыргыз-мисир мамилелерине жаңы дем берип, кызматташтыкты сапаттык жаңы деңгээлге чыгарарына ишеним билдиришти жана белгиленген тармактарда биргелешкен долбоорлорду активдүү илгерилетүү үчүн бардык аракетин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Андан соң лидерлер кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Анда тараптар кыргыз-мисир кызматташтыгынын негизги багыттары, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, экономикалык өз ара аракеттенүү, инвестициялар жана эки жактуу кызыкчылыкты туудурган башка маселелерди талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Мисирдин Жакынкы Чыгыш аймагындагы жана Африка континентиндеги конструктивдүү ролун жогору баалап, эки өлкөнүн ортосундагы достукту бекемдөө жана байланыштарды өнүктүрүү максатында Каир шаарында КРнын Элчилигин ачуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Мисирдин ортосунда өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар экенин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан

Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда

Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда

Күн мурун Экономика жана коммерция министрлигинде Бажы биримдиги (ББ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө техникалык регламенттердин аткарылышы, шилтеме ченемдеринин ишке ашырылышы жана көйгөйлүү маселелер каралды. Маалыматка ылайык, учурда ЕАЭБ алкагында 53 техникалык регламент кабыл алынып, алардын 48и