Сот аткаруучулары казынага 9 айда 510 млн сом кайтарышты

Сот аткаруучулары казынага 9 айда 510 млн сом кайтарышты

2025-жылдын 9 айында Башкы прокуратуранын Сот аткаруучулар кызматы мамлекеттик казынага 510 млн 889 миң сом  жана 165 миллиондон ашык сомго бааланган мүлктү кайтарууга жетишкенин аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Аталган кызматтын билдиришинче, 2024-жылдын 9 айында 464 млн 570 миң сом мамлекетке кайтарылган. Быйылкы жылдын сентябрь айынын жыйынтыгы боюнча республика боюнча 145 миң 144 аткаруучу документтер иштер аткарылып, анын ичинен 132 миң 815и мамлекеттин, калганы жарандар менен юридикалык жактардын пайдасына чечилген. 

Жыл башынан бери 1 миң 160 документ боюнча алимент чогултулуп, алимент төлөөдөн качкан1 миң 322 адамга издөө жарыяланган. Сот аткаруучулар алимент төлөөдөн качкан адамдарга карата 17 миң 340 убактылуу чектөөлөр жана аларды алуу жөнүндө токтомду Миграциялык каттоого алуу бирдиктүү системасына киргизген жана чыгарган. 

Республика боюнча 238 мамлекет пайдасына конфискациялануучу мүлк боюнча аткаруу өндүрүшү көзөмөлгө алынган. Анын ичинен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 153 өндрүш иши толук аткарылган. 

Мамлекетке кайтарылган мүлктүн жалпы суммасы 165 млн 403 миң 953 сомду түзгөн. 

Мындан тышкары окуңуз

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

Эл аралык жүк ташуучуларга "Код 95" эмне үчүн керек?

"Код 95” айдоочулук күбөлүктүн бир түрү катары эл аралык жүк ташууда керектелчү документ болуп саналарын президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар"агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдоочулар бул документти алуу үчүн өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү болушу шарт. Андан соң белгилүү бир

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 663 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылында жайгашкан 0,75 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Кыргызстанда ун өндүрүшү 50% гана кубаттуулукта иштеп жатат

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргыз Республикасынын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын" өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышып, азык-түлүк коопсуздугу, баалардын туруктуулугу жана тармактын туруктуу иштеши маселелери каралды. Кеңешменин жүрүшүндө Казакстан

Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда

Кыргызстан ЕАЭБ стандарттарын 93% деңгээлде аткарууда

Күн мурун Экономика жана коммерция министрлигинде Бажы биримдиги (ББ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө техникалык регламенттердин аткарылышы, шилтеме ченемдеринин ишке ашырылышы жана көйгөйлүү маселелер каралды. Маалыматка ылайык, учурда ЕАЭБ алкагында 53 техникалык регламент кабыл алынып, алардын 48и