IV Элдик Курултайга даярдык көрүү боюнча жыйын өттү

IV Элдик Курултайга даярдык көрүү боюнча жыйын өттү

Мамлекеттик катчы Марат Иманкуловдун төрагалыгы алдында Элдик Курултайга даярдык көрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жыйында IV Элдик Курултайга даярдык көрүүчү негизги маселелер жана аны жогорку деңгээлде өткөрүүгө багытталган чаралар талкууланды. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Курултай коом менен мамлекеттик институттардын ортосундагы ачык диалог жана ишенимди бекемдөөчү натыйжалуу аянтча болушу керектигин белгиледи.

Президенттин Администрациясынын маалыматына ылайык, делегаттарды шайлоо республика боюнча 231 айылдык аймак жана 33 шаарда өтүп, 700 делегат IV Элдик Курултайга катышууга укук алды. Бул курам өлкөнүн бардык аймактарынан келген жарандардын пикирлерин жана кызыкчылыктарын чагылдырган.

Жыйындын жүрүшүндө логистика, делегаттарды жайгаштыруу, коопсуздук жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү администрациялардын ишин координациялоо маселелери да каралды.

Уюштуруу комитети мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Курултайды жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта