Садыр Жапаров “Баластан” балдар борборунун курулушуна старт берди

Садыр Жапаров “Баластан” балдар борборунун курулушуна старт берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

6,5 гектар аянтка курула турган борбор 2026-жылы пайдаланууга берилет. Ал аттракциондорду, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн оюн зоналарын, заманбап кинотеатрды, конгресс-залды жана коомдук тамактануу жайларын камтыйт. Объекттин курулушу 200дөн ашуун жаңы жумуш ордун түзөт.

Президент өз сөзүндө мамлекеттин негизги максаты — ар бир балага татыктуу балалык тартуулоо экенин белгилеп, борбор жөн гана оюн-зоок жайы эмес, тарбиянын жана өнүгүүнүн борбору болорун айтты.

Садыр Жапаров өлкө аймактарында инфраструктураны тең өнүктүрүү маанилүү экенин белгилеп, Таласта ишке ашып жаткан ири долбоорлорду — “Манас-Ордо” комплексин реконструкциялоо, борбордук паркты жаңылоо жана 5500 орундуу стадион куруу иштерин мисал келтирди.

Мамлекет башчысы тиешелүү органдарды жана курулуш компанияларын сапаттуу, коопсуз жана балдардын кызыгуусуна жооп берген деңгээлде курулуш жүргүзүүгө чакырды.

Иш сапардын соңунда Президент жергиликтүү тургундар менен баарлашып, социалдык жана экономикалык маселелер боюнча пикир алмашты.

Мындан тышкары окуңуз

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча кеңири өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирип, жаңы Тергөө комитети түзүлөрүн айтты. Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, жаңы түзүмгө бардык тергөө иштери өткөрүлүп берилет. Ал эми Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясын сактап калат. Президент учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик