Президент: Энергетика тармагынын 137 млрд сом карызынын 112 млрд сому жабылды

Президент: Энергетика тармагынын 137 млрд сом карызынын 112 млрд сому жабылды

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн энергетика тармагы 2020-жылга чейин оор абалда болгонун, карыздын көлөмү өскөнүн жана ошол кездеги башкаруулар маселени терең кризиске алып келгенин айтты. Бул тууралуу ал “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Өлкө башчысы билдиргендей, энергетика тармагындагы карыз жүгү жылдар өткөн сайын олуттуу өсүп келген. Эгер 1990–2010-жылдар аралыгында Энергетика министрлигинин жалпы карызы 13,6 млрд сом болсо, 2010–2020-жылдарда бул көрсөткүч кескин жогорулап, ондогон эсе көбөйгөн.

Андан ары президент төмөнкүдөй сандык маалыматтарды мисал келтирди:

“1990-жылдан 2010-жылга чейин 20 жылда 13,6 миллиард сом карыз болсо, 2010дон 2020-жылга чейин 10 эле жылда 123 миллиард сом карыз үстүнө кошулуп жатат. Жалпысынан 2020-жылдын октябрь окуясына чейин министрликтин карызы 137 миллиард сом, же 1,5 миллиард долларга жеткен. Бул сөз сазга тизесине эмес, кекиртегине да эмес, чекесине чейин батырган деген сөз. Энергосистемабыз банкрот болуп калган”.

Ал энергетика тармагы кызматкерлерине банктан үстөгү менен насыя алып айлык төлөп келүү 2010–2020-жылдардагы абалдын мисалы экенин да айтты.

Президент белгилеген маалыматка ылайык, ошол жылдары РСК 201 млн сом насыяны үстөгү менен алып, кызматкерлердин эмгек акысын жапкан учурлар болгон.

“2021-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин айлык төлөө үчүн банктан 1 тыйын алган жокпуз”, — деди ал.

Садыр Жапаров энергетикадагы абалды жакшыртуу боюнча көрсөткүчтөрдү да атады:

  • 137 млрд сом карыздын 112 млрд сому жабылды,
  • Калган 25 млрд сом 2026-жыл ичинде толук жабылары күтүлүүдө,
  • 2027-жылдан тартып энергосистема биринчи жолу кирешеге чыга баштайт.

Мамлекет башчысы 2020-жылга чейин тармакта коррупция жана ар кандай “схемалар” болгонун, алар азыр толугу менен жоюлганын билдирди:

“Схемалардын баары талкаланды. Ошон үчүн энергокомпаниялар бат темп менен карыздарын жаап жатат”, — деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы