С.Жапаров: Мугалимдердин айлык акысы 1-апрелден баштап 40 миң сомго жетет

С.Жапаров: Мугалимдердин айлык акысы 1-апрелден баштап 40 миң сомго жетет

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземине катышты. Аянты 10,5 гектарга жакын аймакта билим берүү, тарбиялоо жана ден соолукту чыңдоо боюнча заманбап комплекстин ачылышы болду. Бул комплекстеги 570 окуучуга ылайыкталган 20 заманбап кабинет жана өзүнчө музыкалык блок менен жабдылган эки кабаттуу жаңы мектептен сырткары 140 орундуу эки кабаттуу бала бакча, ошондой эле 40 миңге чейин жашоочуну тейлөөгө ылайыкталган аянты болжол менен 1,3 миң чарчы метр болгон үй-бүлөлүк медициналык борбор бар.

Ачылыш аземинде мамлекет башчы бүгүн дүйнө билим менен өнүгүп, илим менен ар кандай бийиктиктерге жетип жатканын белгилеп, биз да мындай өнүгүү агымынан артта калбашыбыз керектигин айтты.

«Мамлекетибиздин башкы максаты – өлкөбүздүн бардык аймактарындагы балдарга сапаттуу билим берүүгө толук шарт түзүү. Бул максатта акыркы жылдары өлкөбүздүн бардык дубандарында жаңы, заманбап талаптарга жооп берген мектептер салынууда. Буга баарыңыздар күбө болуп жүрөсүздөр. Бүгүн ачылып жаткан объектилер дагы ошол системалуу саясаттын бир мисалы”, - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө учурда мугалимдердин орточо айлык акысы 26 миң сомду түзөрүн, ал эми кийинки жылдын 1-апрелинен тарта көтөрүлгөндөн кийин 40 миң сомго жакын болорун белгиледи.

“Шаар жергесинде орто билим берүү мектебинде орто билим бар, жаңы келген, тажрыйбасы жок мугалим көтөрүлгөндөн кийин 22 миң сомдун тегерегинде алат. Ал эми айыл жергесинде орто билим берүү мекемесинде эмгектенген билим даражасы “бакалавр” кыргыз тил мугалиминин эмгек акысы учурда 23 151 сом болсо, көбөйгөндөн кийин 27 360 сомду түзөт. Алыскы тоолуу жергесинде орто билим берүү мектебинде эмгектенген жогорку билимдүү математика мугалими учурда эмгек акысы 65 809 сом болсо, көбөйгөндөн кийин 80 860 сомду түзөт”, - деди Президент.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы