Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттик чек аралардын кесилишин аныктоо боюнча макулдашты

Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттик чек аралардын  кесилишин аныктоо боюнча макулдашты

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери 15-ноябрда мамлекеттик чек аралардын  кесилишин аныктоо боюнча протоколго кол коюшту.

Министрликтин маалыматы боюнча, документке Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидов, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин кол коюшкан.

Үч мамлекеттин чек араларынын кесилишин аныктоо тууралуу келишим боюнча ратификациялык грамота менен алмашууну протокол тастыктап турат.

 Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги бул кол кою өлкөлөрдүн ортосундагы конструктивдүү диалогдун жана ишенимдин натыйжасы болгонун баса белгиледи.

Билдирүүдө: “Бул маанилүү кадам конструктивдүү диалогдун, өз ара ишенимдин жана өкмөттөрдүн аймактагы тынчтыкты, туруктуулукту жана тилектештикти чыңдоого болгон жалпы милдеттенмесинин натыйжасы болуп саналат”, - деп белгиленген.

Ошондой эле аталган ведомство “дипломатия, урматтоо жана алдын ала көрөгөчтүк аркылуу актуалдуу маселелерди чечүү боюнча жамааттык жөндөмдүүлүк” ратификациялоо процессинин аягына чыгышын айгинелеп жаткандыгын кошумчалаган.

Мындан тышкары окуңуз

Индия Кыргызстандагы долбоорлорду колдоо үчүн 126,6 млн сом грант бөлөт

Индия Кыргызстандагы долбоорлорду колдоо үчүн 126,6 млн сом грант бөлөт

Бүгүн, Экономика жана коммерция министрлигинде эки тараптуу меморандумга кол коюу аземи болду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Биринчиси – Индиянын Тышкы иштер министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги ортосунда түзүлгөн "Бишкек шаарында Кыргыз экономикалык университети (КЭУ) үчүн IT Lab түзүү" долбоору.

Кант кызылчасы Кыргызстанда 85,9% жыйналды

Кант кызылчасы Кыргызстанда 85,9% жыйналды

Кыргызстанда учурда кант кызылчасы 85,9 пайыз жыйналып, 431,7 миң тонна продукция алынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирген.  Анын айтымында, республика боюнча быйыл кант кызылчасы 13 миң 400 гектар жерге

Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады

Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады

Таластын Манас районундагы Арал айылынын Кайыңды карьеринен алынган таштар жергиликтүү ишкер Азат Кушубековдун ишканасында кайра иштетилип, курулуш материалдары чыгарылып жатканын УТРК тартып көрсөттү.  Ишкердин айтымында таштар алгач чоң-чоң көлөмдө ташылып келип, 2-3 сантиметр калыңдыкта тилинет. Андан соң ал күйгүзүлүп, жылмаланып 90Х80 жана 60Х30 өлчөмүндө кесилет.  Ишканасы ээсинин айтымында, кайра иштетилген

Аксыда 275 орундуу жаңы мектеп курула баштады

Аксыда 275 орундуу жаңы мектеп курула баштады

Аксы районуна караштуу Кербен шаарында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министлигинен маалымдашты. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат. Объекттин баасы 188 миллион сомго бааланды. Жаңы мектеп заманбап үлгүдөгү эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залынан турат. Мындан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин кабинети