Медиация менен талаш-тартыштарды чечүү боюнча жаңы мыйзам күчүнө кирет

Медиация менен талаш-тартыштарды чечүү боюнча жаңы мыйзам күчүнө кирет

Президент Садыр Жапаров “Медиация чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Мыйзам талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүгө калктын ишенимин бекемдөө, социалдык туруктуулукту камсыздоо жана медиацияны укуктук системада кеңири колдонуу максатында кабыл алынган. Ага ылайык, медиация жарандык жана жазык иштеринин айрым категорияларында сотко чейинки жана соттон тышкаркы чечүү механизми катары колдонулат, ошондой эле мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына медиациялык кызматтар киргизилет.

Мыйзамдын негизги өзгөртүүлөрү:

  • Тараптар медиациялык жолугушууга милдеттүү катышат.
  • Медиация колдонулганда мамлекеттик алымдын жарымы гана төлөнөт.
  • Жаза аткаруу жана кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерге медиациялык макулдашуулар сотко тиркелет, бирок медиациялык жолугушууда алынган маалыматтар далил катары колдонулбайт.
  • Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам консультациялык жана квалификациялуу түрдө көрсөтүлөт.
  • Эмгек талаш-тартыштар медиация аркылуу сотко чейинки милдеттүү тартип катары чечилет.
  • Нотариалдык ырасталган медиациялык макулдашуулар аткаруу документтери катары таанылат.

Мыйзам эл арасында талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүнү колдоо жана социалдык туруктуулукту камсыздоо максатында ишке кирет.

Мындан тышкары окуңуз

"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат

"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында Айбек Жунушалиев Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте кала турганын билдирди. Ал депутаттардан Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) даректериндеги эки жер тилкесин мамлекетке бекер өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун күн тартибинен алып салууну суранды. "Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте калат

Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?

Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?

Кайра жаралуучу энергия булактарынан (КЖЭБ) өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуунун эң жогорку тарифи 4 сом 42 тыйынды түзөрүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди. Анын айтымында, республикада жыл сайын жаңылануучу энергия булактары активдүү өнүгүп жатат. "КЖЭБ жөнүндө мыйзамга ылайык, мамлекет кичи ГЭСтерден жана

Чүйдө 30,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 30,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 2007-жылы Биримдик айыл аймагында спорттук курулуштар үчүн каралган 2,2 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно бузуу менен жеке жактарга берилип кеткендиги белгилүү болду. Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү

"Нелегал" тасмасын тартууга 61 млн сом жумшалганын режиссер билдирди

"Нелегал" тасмасын тартууга 61 млн сом жумшалганын режиссер билдирди

10 күндөн бери эл сүйүп көрүп жаткан Руслан Акундун "Нелегал" киносуна көп акча каражаты жумшалганын режиссер коомчулукка билдирди. Режиссёрдун айтымында, бул кинонун бюджети 61 млн. сомдон (700 миң доллар) ашкан. Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда "Курманжан датка" тарыхый тасмасынан (ага мамлекет 70 млн сомдон ашык акча