Президент сот системасын санариптештирүү боюнча жаңы мыйзамга кол койду

Президент сот системасын санариптештирүү боюнча жаңы мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду. Мыйзам 25-сентябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жана сот системасын санариптик технологиялар менен өркүндөтүүгө, ошондой эле жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.

Аталган Мыйзам сот өндүрүшүнүн санариптик формасын киргизет. Мунун негизинде ишти кароо жана чечимдерди кабыл алуу процессин тездетүү үчүн зарыл болгон укуктук шарттар түзүлөт. Доогер, жоопкер, күбө, эксперт жана башка катышуучулар үчүн сот имараттарына баруу азайып, процесске катышуу жеңилдей турган болду.

Ошондой эле мыйзам процессуалдык эрежелерди санариптик технологиялар менен жүргүзүүнү камсыздайт, соттук документтерди кагаз түрүндө жасоо милдетин альтернатива менен алмаштырат. Бул жарандар үчүн ыңгайлуулукту көбөйтүп, сот системасынын өздүк технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.

Мыйзам 2026-жылдын 1 январынан тартып күчүнө кирет жана ал жарандарга сот өндүрүшүнө тез жана жеткиликтүү катышууга жаңы мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат

"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында Айбек Жунушалиев Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте кала турганын билдирди. Ал депутаттардан Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) даректериндеги эки жер тилкесин мамлекетке бекер өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун күн тартибинен алып салууну суранды. "Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте калат

Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?

Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?

Кайра жаралуучу энергия булактарынан (КЖЭБ) өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуунун эң жогорку тарифи 4 сом 42 тыйынды түзөрүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди. Анын айтымында, республикада жыл сайын жаңылануучу энергия булактары активдүү өнүгүп жатат. "КЖЭБ жөнүндө мыйзамга ылайык, мамлекет кичи ГЭСтерден жана

Чүйдө 30,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 30,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 2007-жылы Биримдик айыл аймагында спорттук курулуштар үчүн каралган 2,2 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно бузуу менен жеке жактарга берилип кеткендиги белгилүү болду. Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү

"Нелегал" тасмасын тартууга 61 млн сом жумшалганын режиссер билдирди

"Нелегал" тасмасын тартууга 61 млн сом жумшалганын режиссер билдирди

10 күндөн бери эл сүйүп көрүп жаткан Руслан Акундун "Нелегал" киносуна көп акча каражаты жумшалганын режиссер коомчулукка билдирди. Режиссёрдун айтымында, бул кинонун бюджети 61 млн. сомдон (700 миң доллар) ашкан. Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда "Курманжан датка" тарыхый тасмасынан (ага мамлекет 70 млн сомдон ашык акча