ШКУ өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынынын тар чөйрөдөгү отуруму болду

ШКУ өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынынын тар чөйрөдөгү отуруму болду

Бүгүн КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына, тар чөйрөдө катышты.

Тар чөйрөдөгү жыйындын жүрүшүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана делегациялары көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги маселелери боюнча жемиштүү талкууларды өткөрүштү. Катышуучулар глобалдык экономиканын актуалдуу чакырыктарын карап чыгып, Шанхай кызматташтык уюмунун аймагында көп тараптуу интеграцияны бекемдөөнүн конкреттүү жолдорун белгилешти.

Ошондой эле, уюмдун ичиндеги өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, анын ичинде жалпы экономикалык инструменттерди өнүктүрүү жана ар кандай секторлордо тыгыз байланыштар үчүн шарттарды түзүү аркылуу басым жасалды.

 

Мындан тышкары окуңуз

"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат

"Сүрөтчүлөр үйү" муниципалдык менчикте калып, ишин улантат

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында Айбек Жунушалиев Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте кала турганын билдирди. Ал депутаттардан Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) даректериндеги эки жер тилкесин мамлекетке бекер өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун күн тартибинен алып салууну суранды. "Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте калат

Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?

Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?

Кайра жаралуучу энергия булактарынан (КЖЭБ) өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуунун эң жогорку тарифи 4 сом 42 тыйынды түзөрүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди. Анын айтымында, республикада жыл сайын жаңылануучу энергия булактары активдүү өнүгүп жатат. "КЖЭБ жөнүндө мыйзамга ылайык, мамлекет кичи ГЭСтерден жана

Чүйдө 30,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүйдө 30,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 2007-жылы Биримдик айыл аймагында спорттук курулуштар үчүн каралган 2,2 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно бузуу менен жеке жактарга берилип кеткендиги белгилүү болду. Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү

"Нелегал" тасмасын тартууга 61 млн сом жумшалганын режиссер билдирди

"Нелегал" тасмасын тартууга 61 млн сом жумшалганын режиссер билдирди

10 күндөн бери эл сүйүп көрүп жаткан Руслан Акундун "Нелегал" киносуна көп акча каражаты жумшалганын режиссер коомчулукка билдирди. Режиссёрдун айтымында, бул кинонун бюджети 61 млн. сомдон (700 миң доллар) ашкан. Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда "Курманжан датка" тарыхый тасмасынан (ага мамлекет 70 млн сомдон ашык акча