Касымалиев: Кыргызстан динамикалуу өнүгүп жаткан өлкө катары Борбор Азиянын илбирсине айланат

Касымалиев: Кыргызстан динамикалуу өнүгүп жаткан  өлкө катары Борбор Азиянын илбирсине айланат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев БАЭК алкагындагы Кыргызстандын аймактык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча бизнес-форумга катышты. Иш-чарага Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда да келишти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумда Касымалиев өлкөнүн акыркы жылдардагы экономикалык жогорку көрсөткүчтөрүн белгиледи. Анын айтымында, экономика төрт жылдан бери 9 %дан жогору темпте өсүп, 2025-жылдын 10 айында ИДП 10 %га жетти. 2024-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,5 трлн сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү.

Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2024-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди. Өсүштүн негизги факторлору – курулуш, өнөр жай, тейлөө тармагы, инвестициялар жана масштабдуу инфраструктуралык долбоорлор.

2025-жылдын алгачкы жарымында 159 миң жаңы жумуш орун түзүлүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,9 эсеге көп. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү да 10 айда 18,9 %га өстү. Быйыл Кыргызстандын кредиттик рейтинги «B+» деңгээлине көтөрүлгөнү экономикалык туруктуулуктун көрсөткүчү экени айтылды.

Касымалиев өнөктөштөргө, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкы менен БАЭК программасына колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук программада адамга багытталган өсүү модели негизги багыт экенин кошумчалады.

Ал Кыргызстан стратегиялык жайгашуусу, жаш калкы, табигый ресурстары жана либералдуу экономикасы менен инвесторлор үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгилеп, өлкөнү "Борбор Азиянын илбирси" деп атады.

"Келгиле, биргелешип динамикалуу, туруктуу жана гүлдөгөн келечекти куралы", - деп сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Комитеттин маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Манас (мурдагы Нариман) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулду. Алар жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 31-мартта Top-100 KYRGYZSTAN Улуттук каталогу боюнча расмий сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Бул жыл сайын өткөрүлүүчү долбоор өлкөдөгү лидерлердин кесиптик жетишкендиктерин таанууга жана алардын ишкердик аброюн бекемдөөгө багытталган. Долбоор ишкерлерди, жетекчилерди, эксперттерди жана коомдук ишмерлерди бириктирип, жетишкендиктерди көрсөтүүгө, ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө жана таанымалдуулукту жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген ачык платформаны түзөт. Кеченин

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда атайын техника сатып алуу учурунда мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгилүү болду. УКМКнын маалыматына ылайык, Ат-Башы айыл аймагында 2025-жылдын апрель айында таштанды ташуучу унаа жана кран-манипулятор сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында “В” ЖЧКсы жеңүүчү болуп, 10 млн 863 миң сомдук келишим

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунда коопсуздук маселелери актуалдуу бойдон калууда. Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун жүрүшү жеринде текшерилип, бир катар көйгөйлөр аныкталды. Айрым тилкелерде таш кулап, кар көчкү жана күрткү баскан кооптуу аймактар бар экени белгилүү болду. Учурда жолдун коопсуздугун камсыздоо