Президент “Саламат жүрөк” улуттук программасына кол койду

Президент “Саламат жүрөк” улуттук программасына кол койду

Президент Садыр Жапаров 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын “Саламат жүрөк” улуттук программасына кол койду. Программа калктын жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана башка жугуштуу эмес оорулардан мезгилсиз өлүмдү 25%га азайтууга жана саламаттык сактоодогу теңсиздикти жоюуга багытталат.

Программа алдын алуу, эрте диагностикалоо, дарылоо жана реабилитациялоо боюнча толук циклдүү, санариптик жана бейтапка багытталган системаны түзүүнү көздөйт. Ал үй-бүлөлүк ден-соолук контролунан баштап, жогорку технологиялык жардам көрсөтүлгөн борборлорго чейинки медициналык кызматтарды камтыйт.

Жарлыкка ылайык, бардык мамлекеттик органдар белгиленген иш-чараларды өз убагында аткарып, жарым жылдык отчетторду Саламаттык сактоо министрлигине берүүгө милдеттендирилди.

Мамлекет калктын саламаттыгына өзгөчө көңүл буруп, бул программаны өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү куралы катары карайт.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Комитеттин маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Манас (мурдагы Нариман) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулду. Алар жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 31-мартта Top-100 KYRGYZSTAN Улуттук каталогу боюнча расмий сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Бул жыл сайын өткөрүлүүчү долбоор өлкөдөгү лидерлердин кесиптик жетишкендиктерин таанууга жана алардын ишкердик аброюн бекемдөөгө багытталган. Долбоор ишкерлерди, жетекчилерди, эксперттерди жана коомдук ишмерлерди бириктирип, жетишкендиктерди көрсөтүүгө, ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө жана таанымалдуулукту жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген ачык платформаны түзөт. Кеченин

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда атайын техника сатып алуу учурунда мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгилүү болду. УКМКнын маалыматына ылайык, Ат-Башы айыл аймагында 2025-жылдын апрель айында таштанды ташуучу унаа жана кран-манипулятор сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында “В” ЖЧКсы жеңүүчү болуп, 10 млн 863 миң сомдук келишим

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунда коопсуздук маселелери актуалдуу бойдон калууда. Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун жүрүшү жеринде текшерилип, бир катар көйгөйлөр аныкталды. Айрым тилкелерде таш кулап, кар көчкү жана күрткү баскан кооптуу аймактар бар экени белгилүү болду. Учурда жолдун коопсуздугун камсыздоо