Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG санарип валютасын ишке киргизди

Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG санарип валютасын ишке киргизди

Бүгүн Президент Садыр Жапаров физикалык алтын менен камсыздалган жана АКШ долларына байланган улуттук стейблкоин — USDKG санарип токенинин алгачкы эмиссиясынын расмий ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти.

Иш-чарага финансы министри Алмаз Бакетаев жана "Виртуалдык Активдердин Эмитенти" ААКынын жетекчилиги катышты. Аземдин жүрүшүндө катышуучулар Tron блокчейнинде 50 млн даана USDKGчыгарылганын жана жүгүртүүгө расмий берилгенин жарыялашты. Ар бир токен 1 АКШ долларына барабаржана физикалык алтын менен толук камсыздалган.

USDKG — Кыргыз Республикасы тарабынан толугу менен колдоого алынган биринчи улуттук стейблкоин. Ал алтындын туруктуулугу менен санарип технологияларынын эффективдүүлүгүн айкалыштырып, өлкөнүн глобалдык финансы рынокторундагы позициясын чыңдоого багытталган.

Долбоор Кыргызстандын Web3-инфраструктурасын өнүктүрүүгө, мамлекет менен бизнес секторунун өз ара иштешүүсүн жаңы деңгээлге чыгаруусуна шарт түзөт. Ошондой эле USDKG инвестициялык климатты жакшыртып, капиталдын агымын көбөйтүүгө өбөлгө болот.

Эмиссияны мамлекетке 100% таандык "Виртуалдык Активдердин Эмитенти" ААКы жүргүзөт. Бул анын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыздайт.

USDKG — өлкөнүн санариптик экономикага өтүүсүндөгү маанилүү кадам болуп, реалдуу активдерге таянган санарип каржы инструменттеринин келечеги бар экенин көрсөтөт.  

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Комитеттин маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Манас (мурдагы Нариман) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулду. Алар жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 31-мартта Top-100 KYRGYZSTAN Улуттук каталогу боюнча расмий сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Бул жыл сайын өткөрүлүүчү долбоор өлкөдөгү лидерлердин кесиптик жетишкендиктерин таанууга жана алардын ишкердик аброюн бекемдөөгө багытталган. Долбоор ишкерлерди, жетекчилерди, эксперттерди жана коомдук ишмерлерди бириктирип, жетишкендиктерди көрсөтүүгө, ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө жана таанымалдуулукту жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген ачык платформаны түзөт. Кеченин

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда атайын техника сатып алуу учурунда мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгилүү болду. УКМКнын маалыматына ылайык, Ат-Башы айыл аймагында 2025-жылдын апрель айында таштанды ташуучу унаа жана кран-манипулятор сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында “В” ЖЧКсы жеңүүчү болуп, 10 млн 863 миң сомдук келишим

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунда коопсуздук маселелери актуалдуу бойдон калууда. Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун жүрүшү жеринде текшерилип, бир катар көйгөйлөр аныкталды. Айрым тилкелерде таш кулап, кар көчкү жана күрткү баскан кооптуу аймактар бар экени белгилүү болду. Учурда жолдун коопсуздугун камсыздоо