Кыргызстан АӨБ менен экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө макулдашты

Кыргызстан АӨБ менен экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө макулдашты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда өлкөнүн экономикалык абалы, 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы, климат, энергетика, айыл чарба жана туризм тармактарындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Адылбек Касымалиев акыркы үч жылда экономиканын өсүү темпи орточо 9,0% түзгөнүн, ал эми 2025-жылдын 10 айында ИДПнын өсүшү 10,0%га жеткенин билдирди. Ал өлкөнү 2030-жылга карата индустриялаштыруу, региондук хаб катары өнүктүрүү жана жашыл энергетика, айыл чарба, туризм сыяктуу багыттар боюнча өсүштү камсыздоону көздөп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап бир катар маанилүү келишимдерге кол койду, анын ичинде коомдук имараттарды жашыл трансформациялоо, энергияны үнөмдөөчү турак жайларды куруу жана суу ресурстарын климаттык шарттарга туруктуу кылуу боюнча долбоорлор каралды.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Комитеттин маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Манас (мурдагы Нариман) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулду. Алар жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 31-мартта Top-100 KYRGYZSTAN Улуттук каталогу боюнча расмий сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Бул жыл сайын өткөрүлүүчү долбоор өлкөдөгү лидерлердин кесиптик жетишкендиктерин таанууга жана алардын ишкердик аброюн бекемдөөгө багытталган. Долбоор ишкерлерди, жетекчилерди, эксперттерди жана коомдук ишмерлерди бириктирип, жетишкендиктерди көрсөтүүгө, ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө жана таанымалдуулукту жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген ачык платформаны түзөт. Кеченин

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда атайын техника сатып алуу учурунда мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгилүү болду. УКМКнын маалыматына ылайык, Ат-Башы айыл аймагында 2025-жылдын апрель айында таштанды ташуучу унаа жана кран-манипулятор сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында “В” ЖЧКсы жеңүүчү болуп, 10 млн 863 миң сомдук келишим

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунда коопсуздук маселелери актуалдуу бойдон калууда. Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун жүрүшү жеринде текшерилип, бир катар көйгөйлөр аныкталды. Айрым тилкелерде таш кулап, кар көчкү жана күрткү баскан кооптуу аймактар бар экени белгилүү болду. Учурда жолдун коопсуздугун камсыздоо