Кыргызстан менен Кытай стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтет

Кыргызстан менен Кытай стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтет

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-ноябрда, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү жана Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Жолугушуда эки тарап саясий диалогду бекемдөө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы кыргыз-кытай мамилелери бүгүн тарыхый жогорку деңгээлге жеткенин белгилеп, Ван Инин ар бир сапары кошумча мазмун жана жаңы дем берүүдө экенин айтты.

Президент өзгөчө практикалык кызматташтыкка токтолуп, темир жана авто жолдорду куруу, жаңы авиакаттамдарды ачуу жана бир катар тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанисин баса белгиледи. Ошондой эле ШКУ жана "Борбор Азия – Кытай" форматындагы көп тараптуу алакалардын динамикалуу өнүгүп жатканын айтты.

Ван И өз кезегинде КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин жылуу саламын жеткирди жана Кыргызстан соңку жылдары олуттуу жетишкендиктерге жеткенин белгиледи. Ал Кытай кошуна жана ишенимдүү өнөктөш катары муну кубаттай турганын айтып, эки мамлекет башчыларынын макулдашууларын ишке ашырууга толук даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинге саламын жолдоп, Ван Иге ишинде ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Комитеттин маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Манас (мурдагы Нариман) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулду. Алар жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 31-мартта Top-100 KYRGYZSTAN Улуттук каталогу боюнча расмий сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Бул жыл сайын өткөрүлүүчү долбоор өлкөдөгү лидерлердин кесиптик жетишкендиктерин таанууга жана алардын ишкердик аброюн бекемдөөгө багытталган. Долбоор ишкерлерди, жетекчилерди, эксперттерди жана коомдук ишмерлерди бириктирип, жетишкендиктерди көрсөтүүгө, ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө жана таанымалдуулукту жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген ачык платформаны түзөт. Кеченин

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда атайын техника сатып алуу учурунда мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгилүү болду. УКМКнын маалыматына ылайык, Ат-Башы айыл аймагында 2025-жылдын апрель айында таштанды ташуучу унаа жана кран-манипулятор сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында “В” ЖЧКсы жеңүүчү болуп, 10 млн 863 миң сомдук келишим

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунда коопсуздук маселелери актуалдуу бойдон калууда. Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун жүрүшү жеринде текшерилип, бир катар көйгөйлөр аныкталды. Айрым тилкелерде таш кулап, кар көчкү жана күрткү баскан кооптуу аймактар бар экени белгилүү болду. Учурда жолдун коопсуздугун камсыздоо