Президенттик администрация менен ЮНИСЕФ "Балдар айтат – 2025" жолугушууларын өткөрдү

Президенттик администрация менен ЮНИСЕФ "Балдар айтат – 2025" жолугушууларын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы ЮНИСЕФтин Балдар фонду менен биргеликте "Балдар айтат – 2025" жолугушууларынын сериясын өткөрдү. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти.

Иш-чарага бир катар мамлекеттик органдар, Бишкек шаарынын мэриясы, эл аралык уюмдар жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр катышты. Демилгенин негизги максаты – балдар өз оюн эркин айта турган жана мамлекеттик органдар аны чечим кабыл алууда эске алган аянтча түзүү.

Жолугушууларда балдар үчүн маанилүү болгон бир нече багыттар талкууланды. Алардын ичинде мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу, буллингге каршы чаралар, санариптик коопсуздук, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн кызматтардын жеткиликтүүлүгү, үй-бүлөдөгү коопсуздук, балдардын мамлекеттик чечимдерге катышуусун кеңейтүү.

Балдардын айткандары чыныгы турмуштук тажрыйбаларды чагылдырып, мамлекеттик органдар үчүн маанилүү багыттарды белгилөөгө жардам берди.

"Биз балдар көйгөйлөрдү талдап, чечимдерди сунуштоого даяр экенин көрүп жатабыз. Биздин милдет – алардын үнү мамлекеттик саясат үчүн реалдуу багыт болушун камсыз кылуу», – деди Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева.

Министрликтер, мэрия жана эл аралык өнөктөштөр балдардын сунуштарын карап чыгууга жана аларды өз пландарына киргизүүгө даяр экенин билдиришти.

"Балдар айтат – 2025" демилгеси балдардын коомдук турмушка катышуусун күчөтүп, алардын пикирин урматтоо маданиятын бекемдөөгө багытталган. Иш-чаралар 2026-жылы да улантылары кабарланды.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Комитеттин маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Манас (мурдагы Нариман) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулду. Алар жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 31-мартта Top-100 KYRGYZSTAN Улуттук каталогу боюнча расмий сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Бул жыл сайын өткөрүлүүчү долбоор өлкөдөгү лидерлердин кесиптик жетишкендиктерин таанууга жана алардын ишкердик аброюн бекемдөөгө багытталган. Долбоор ишкерлерди, жетекчилерди, эксперттерди жана коомдук ишмерлерди бириктирип, жетишкендиктерди көрсөтүүгө, ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө жана таанымалдуулукту жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген ачык платформаны түзөт. Кеченин

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда атайын техника сатып алуу учурунда мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгилүү болду. УКМКнын маалыматына ылайык, Ат-Башы айыл аймагында 2025-жылдын апрель айында таштанды ташуучу унаа жана кран-манипулятор сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында “В” ЖЧКсы жеңүүчү болуп, 10 млн 863 миң сомдук келишим

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунда коопсуздук маселелери актуалдуу бойдон калууда. Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун жүрүшү жеринде текшерилип, бир катар көйгөйлөр аныкталды. Айрым тилкелерде таш кулап, кар көчкү жана күрткү баскан кооптуу аймактар бар экени белгилүү болду. Учурда жолдун коопсуздугун камсыздоо