Бишкекте 34 миң батирлүү “Алтай” шаарчасынын курулушу расмий башталды

Бишкекте 34 миң батирлүү “Алтай” шаарчасынын курулушу расмий башталды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-ноябрда, Бишкек шаарындагы ири социалдык-тиричилик долбоорлорунун бири болгон “Алтай” шаарчасынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты.

“Алтай” — 234 гектар аянтта жайгашкан, 1551 беш кабаттуу үйдү жана 34 004 батирди камтыган кеңири масштабдуу турак жай комплекси. Курулуштун жалпы аянты 1 миллион 7 миң чарчы метрден ашат. Долбоор шаар тургундарынын толук кандуу жашоосуна ылайыкташтырылган социалдык инфраструктураны өзүнө камтыйт. Анда мектептер, бала бакчалар, поликлиникалар, ооруканалар, реабилитациялык борборлор, милиция жана өрт-куткаруу бөлүмдөрү курулат.

Комплексте 50 гектарлык чоң сейил бак, заманбап спорт жана балдар аянтчалары да каралган. Транспорт тармагында 86 чакырым жол, 50 чакырым тротуар, ошондой эле 34 500 орундуу автоунаа токтотуучу жайларкурулушу пландалган.

Өз сөзүндө Президент Садыр Жапаров “Алтай” долбоору калктын турак жайга болгон муктаждыгын чечүүгө жана шаар инфратүзүмүн жаңы деңгээлге чыгарууга багытталганын баса белгиледи. Мамлекеттик келишимге ылайык, батирлердин 10%ы — 3 400 даанасы мамлекеттин менчигине өткөрүлөт.

Мамлекет башчысы бул долбоор чөлкөмдөгү эң ири курулуш иши экенин белгилеп, ал аяктаганда өзүнчө жаңы маданияттагы заманбап шаарчага айланаарына ишеним билдирди.

Иш-чаранын соңунда Президент шаар тургундары менен баарлашып, алардын билим берүү, коммуналдык кызматтар, жол жана социалдык шарттарды жакшыртуу тууралуу көтөргөн маселелерин угуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга аларды кароо жана чара көрүү боюнча тапшырма берди.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаргандар аныкталды

Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Комитеттин маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Манас (мурдагы Нариман) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулду. Алар жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 100 мыкты адис аныкталат

Бишкекте 31-мартта Top-100 KYRGYZSTAN Улуттук каталогу боюнча расмий сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Бул жыл сайын өткөрүлүүчү долбоор өлкөдөгү лидерлердин кесиптик жетишкендиктерин таанууга жана алардын ишкердик аброюн бекемдөөгө багытталган. Долбоор ишкерлерди, жетекчилерди, эксперттерди жана коомдук ишмерлерди бириктирип, жетишкендиктерди көрсөтүүгө, ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө жана таанымалдуулукту жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген ачык платформаны түзөт. Кеченин

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ат-Башыда 5,3 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда атайын техника сатып алуу учурунда мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгилүү болду. УКМКнын маалыматына ылайык, Ат-Башы айыл аймагында 2025-жылдын апрель айында таштанды ташуучу унаа жана кран-манипулятор сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында “В” ЖЧКсы жеңүүчү болуп, 10 млн 863 миң сомдук келишим

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунда коопсуздук маселелери актуалдуу бойдон калууда. Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун жүрүшү жеринде текшерилип, бир катар көйгөйлөр аныкталды. Айрым тилкелерде таш кулап, кар көчкү жана күрткү баскан кооптуу аймактар бар экени белгилүү болду. Учурда жолдун коопсуздугун камсыздоо