Касымалиев Нарынга жаңы автобустар менен коммуналдык техникаларды тапшырды

Касымалиев Нарынга жаңы автобустар менен коммуналдык техникаларды тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касмалиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарына жаңы келген техникалар жана автобустарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Коммуналдык жана шаар чарба кызматтары үчүн алынган жаңы атайын техниканын, ошондой автобустарды көрүп чыкты. Нарын шаарына 34 атайын багыттагы техникаларды сатып алуу боюнча түзүлгөн келишимге ылайык бүгүнкү күндө 11 автобус жана техникалардын ачкычтары тапшырылды.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Нарын шаарынын транспорт жана курулуш инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Президенттин турукташтыруу фондунан Нарын шаардык мэриясына 250 000 000 (эки жүз элүү миллион) сом каражат, анын ичинен 230 000 000 (эки жүз отуз миллион) сом атайын техникага бөлүнгөн.

Өз кезегинде МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев техникалар шаар үчүн узак жылдар кызмат кылуусу үчүн аяр мамиле кылууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Лейлек районунда  3 миңден ашык адамды таза суу менен камсыздоочу система курулат

Лейлек районунда 3 миңден ашык адамды таза суу менен камсыздоочу система курулат

Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында жаңы суу менен камсыздоо системасын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Учурда курулуш иштери жыйынтыктоочу этапта, жакынкы аралыкта айылдын 3 миңден ашуун тургуну таза жана коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүккө ээ болот. Бүгүнкү күндө таза суу

Япония Кыргызстандагы ишкерлер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады?

Япония Кыргызстандагы ишкерлер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады?

28-февралдан 4-мартка чейин Кыргызстанда Япония делегациясынын иш сапары болуп өттү. Делегацияны Тотиги префектурасынын Кредиттик кепилдик корпорациясынын директору Кацуми Анзай жетектеди. Бул тууралуу "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунан билдиришти. Сапардын негизги максаты — кредиттик кепилдик системалары боюнча тажрыйба алмашуу жана чакан, орто бизнести колдоо багытында кызматташууну өнүктүрүү. Делегация "Кепилдик

Криптобиржалардын уставдык капиталы 300 млн сомдон жогору болушу керек

Криптобиржалардын уставдык капиталы 300 млн сомдон жогору болушу керек

Бул тууралуу Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 13-мартындагы №112 жарлыгында көрсөтүлгөн. Ага ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан тартып виртуалдык активдердин операторлорунун (криптобиржалардын) уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 300 миллион сомду (болжол менен 3,4 млн АКШ доллары) түзүшү керек. Учурда иштеп жаткан виртуалдык активдерди соодалоо операторлоруна 2026-жылдын 1-июлуна чейин уставдык капиталын ушул талаптарга ылайык келтирүү

Ак-Суу районундагы дыйкандарга 40 тонна арпа, 20 тонна буудай үрөнү берилди

Ак-Суу районундагы дыйкандарга 40 тонна арпа, 20 тонна буудай үрөнү берилди

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жазгы талаа иштерине даярдык жүрүп жатат. Азырынча талаа иштери толук баштала элек болсо да, дыйкандарды керектүү ресурстар менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Район боюнча дыйкандарга жеңилдетилген шартта 20 миң литр күйүүчү май бөлүнүп берилди. Мындан тышкары, кошумча 32 миң литр күйүүчү май алуу үчүн