Кыргызстанда мезгилдик жумуштардын тизмеси расмий бекитилди

Кыргызстанда мезгилдик жумуштардын тизмеси расмий бекитилди

Министрлер Кабинети мезгилдик жумуштардын тизмесин бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Мезгилдик жумуштардын тизмесине төмөнкү багыттар киргизилди:

  • Айыл чарба жумуштары;
  • Кант кызылчасынан кумшекер чыгарууга байланышкан иштер;
  • Мал көп союлган мезгилде этти кайра иштетүү;
  • Мөмө-жемиштер, жер-жемиштер жана жашылчаларды жыйноо жана кайра иштетүү;
  • Жылытуу системаларын, мештерди, казандарды жана башка түзүлүштөрдү тейлөө;
  • Өсүмдүктөргө кам көрүү, газондорду тейлөө жана аймактын эстетикасын колдоо;
  • Коноктордун кийимдерин жана жеке буюмдарын кабыл алуу, сактоо жана берүү;
  • Өсүмдүктөрдү сугаруу, сугат системаларын орнотуу жана тейлөө;
  • Токой чарбасындагы иштер;
  • Геологиялык чалгындоо жана ага байланыштуу иштер;
  • Геологиялык тармакта, тоо-кен өнөр жайында жана өндүрүштүн башка тармактарында тоо-кен, бургулоо жана маркшейдердик иштер.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте интернет байланышы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Бишкекте интернет байланышы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Бишкек шаарында интернет байланыш операторлоруна зымдарды кыска мөөнөттө жер алдына көчүрүү талабы коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын байланыш операторлор ассоциациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27- мартта Бишкек мэриясы интернет операторлоруна эки күндүн ичинде байланыш зымдарын жер алдына өткөрүүнү тапшырган. Бул чечим “ачык асман” долбоорунун алкагында кабыл алынган. Аталган долбоор Шанхай кызматташтык уюмунун

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктады

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктады

Президент Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү аяктоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү 2025-жылдын үлгүсүндөгү жаңы күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу өнөктүгү 2026-жылдын 31-мартында жыйынтыкталды. Ошол эле учурда, 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин мындай күбөлүктөрдү белгиленген тартипте алмаштыруу улантылат. Бул учурда медициналык

Бишкекте 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 31-март күнү саат 20:00дөн тартып 1-апрель саат 12:00гө чейин 7-апрель көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Шоокум көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Чектөө жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштерине байланыштуу киргизилүүдө. Ушуга байланыштуу айрым автобустук каттамдардын кыймыл схемасы да убактылуу өзгөртүлөт. Шаар тургундары

Нарын облусунда жол куруу иштери күчөтүлдү

Нарын облусунда жол куруу иштери күчөтүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жанибеков Нарын облусуна иш сапары менен барып, Нарын–Баетов (5–120-чакырым) жана Баетов–Макмал (0–30-чакырым) унаа жолдорундагы иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Учурда долбоордун алкагында негизги даярдык иштери жүрүп, карьерлерди иштетүү башталды. Бул курулуш материалдары менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт