Кыргызстанда аскердик билет жана эмгек китепче санарип форматта жеткиликтүү болду

Кыргызстанда аскердик билет жана эмгек китепче санарип форматта жеткиликтүү болду

Президенттин администрациясынын аппараттык жыйынында аскердик билеттерди жана эмгек китепчелерди санариптештирүүнүн алгачкы жыйынтыктары талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымында, аскердик билеттерди санарип форматка өткөрүү ишинин башталышы менен Кыргызстандын жарандары аларды “Түндүк” мобилдик колдонмосу аркылуу электрондук түрдө пайдалана алышат. Ал бул чара мобилизациялык ресурстарды так жана сапаттуу эсепке алууну, ошондой эле көзөмөлдү күчөтүүнү камсыздай турганын белгиледи.

Мындан сырткары, Касымалиев “Е-Кызмат” системасынын негизинде түзүлгөн электрондук эмгек китепчесин да “Түндүк” мобилдик колдонмосунан көрүүгө мүмкүн экенин кошумчалады.

“Эмгек китепчени санариптештирүү бул жөн гана ыңгайлуулук эмес, маалыматтардын аныктыгынын жана корголушунун кепилдиги экенин  белгилейм. Башкача айтканда, система жумушчулар үчүн гана эмес, жумуш берүүчүлөр үчүн да коопсуздукту камсыздайт. Эмгек китепчелерин санариптештирүү жөн гана технологиялык жаңылоо эмес. Жалпысынан, эмгек китепчелерин санариптештирүү менен ар бир жараныбыздын эмгек тарыхынын аныктыгын, маалыматтарынын коопсуздугун жана жеткиликтүүлүгүн түзүүгө карай маанилүү кадам жасадык”, – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Чым-Коргон айылында жаңы мал базар ачылды

Чым-Коргон айылында жаңы мал базар ачылды

Чым-Коргон айылындагы ишке кирген мал базарга эки күндө жалпысынан 10 миңдей киши келгенин айыл аймагынын башчысы Алмазбек Дубанаев "Кабар" маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, буга чейин убактылуу уюштурулган Чүй районунун Виноградное айылындагы мал базар бүгүн иштеген эмес. "Жалпы бөлүнгөн аянт 11 гектарды түзөт, анын 6 гектарын мал

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш эрежелерин сактабаган “Зам-Зам билдингдин” лицензиясы токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 17-январдан тарта курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын сакталышын, иштердин сапатын жана коопсуздугун текшерүү максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Севастопольская көчөсү 8, Славян көчөсү 6/1 жана Фурманов көчөсү 13 даректеринде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак жай комплексинде

Мамлекетке 530 млн сомдон ашык каражат жана мүлк кайтарылды

Мамлекетке 530 млн сомдон ашык каражат жана мүлк кайтарылды

Мамлекеттин пайдасына 530 млн сомдон ашык каражатка бааланган мүлктөр өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, мэриялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдасына 185 млн 588 миң сом өндүрүлдү. Ошондой эле аткаруу өндүрүшүнүн алкагында мамлекеттин пайдасына жалпы баасы 344 млн

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды

23-январда Ашхабад шаарында өткөн СПЕКА жумалыгынын алкагында Программанын Башкаруу кеңешинин 20-сессиясы жана СПЕКА Фондунун Башкаруу комитетинин экинчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргызстан 2026-жылга СПЕКА программасынын төрагасы болуп шайланды. Төрагалык Кыргызстан үчүн эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жана Программанын туруктуу