Кыргызстандын тигүү тармагындагы Россияга байланыштуу маселеси жакында чечилет

Кыргызстандын  тигүү тармагындагы Россияга байланыштуу маселеси жакында чечилет

Кечээ Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында тигүү өнөр жайындагы маселелер да талкууланганын жана тигүү тармагындагы көйгөйлөр жакынкы арада чечилет министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Ынтымак Ордодо” журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

"Бизге түздөн-түз тапшырма берилген. Бүгүнкү күндө бул маселе чечилет. Биздин ички өндүрүүчүлөрдүн, тигүү цехтеринин маселеси да талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилди. Биз булардын үстүнөн иштейбиз", - деди ал.

Эске салсак, буга чейин Россия ири партиялар менен кийим жөнөткөн тигүүчүлөр эки-үч айдан бери товарлары Россия-Казакстан чек арасынан өтпөй турганын айтып бийликке кайрылышкан. Акыркы эки айда Кыргызстандагы кийим тигүүчү цехтердин көбү убактылуу жабылууга аргасыз болгону баарыбызга маалым. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, Кыргызстандын текстиль жана тигүү тармагында 200гө жакын ишкана жана дээрлик 3 миң жеке ишкер бар. Аларда 128 миңден ашык адам эмгектенет. Бирок расмий эмес маалымат боюнча бул тармактагы жеке ишкерлердин саны 10 миңден ашары, ал эми тигүү тармагында түз жана кыйыр иштегендердин саны 250 миңден ашары тууралуу маалымат бар.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди