Манас шаарында ири социалдык объектилер курулуп жатат

Манас шаарында ири социалдык объектилер курулуп жатат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Манас шаарында бир катар ири социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кыматынан билдирди.

Сапардын алкагында 5 200 орундуу Спорт сарайы, жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борбор жана президенттик "Акылман" лицейинин курулушу текшерилди. Объекттер заманбап инженердик жана курулуш стандарттарына ылайык иштелип чыгууда.

Спорт комплекси бассейн, спорттук аянтчалар, конференц-зал жана трибуналарды камтыйт. Илимий борбор 250 орунга ылайыкташтырылып, жогорку технологиялуу кардиохирургиялык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Лицейге 420 окуучу үчүн окуу корпусу, жатакана жана 25 батирлүү турак жай кирет.

Объекттер 2026-жылы этап-этабы менен пайдаланууга берилип, сапаттуу курулуш жана графикти сактоо өкмөттүн региондорду өнүктүрүү жана социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча негизги приоритети болуп калат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолу” долбооруна кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бишкек шаарында “Батыш айланма жолу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбооруна байланыштуу кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Документке Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Бишкек шаарынын мэриясы,

"Иркештамда" электрондук кезек күтүү тутуму үчүн жер бөлүндү

"Иркештамда" электрондук кезек күтүү тутуму үчүн жер бөлүндү

МинКаб 2025-жылдын 29-декабрындагы № 1163-р тескемесине ылайык, "Иркештам автожол" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек тутумун киргизүү жана күтүү аймагын уюштуруу максатында жер тилкесин берүү каралган. Аталган документке ылайык, Мамлекеттик бажы кызматына өзүнө мөөнөтсүз пайдалануу укугу менен бекитилген 20 гектар жер тилкесин белгиленген тартипте "Мамлекеттик

Бир аптада мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга 80 миңдей арыз түштү

Бир аптада мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга 80 миңдей арыз түштү

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордо күтүүсүз текшерүү жүргүздү. Текшерүүдө көрсөтүлүп жаткан кызматтардын уюштурулушу жана коопсуздук талаптары каралды. Туманбаев белгилегендей, эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдө жарандардын 20–30 жыл мурдагы сүрөттөрү колдонулуп, жеке адамды так аныктоо кыйын болуп жатат. Ошондой эле

Энергетика министрлиги 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Энергетика министрлиги 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Кечээ Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Президенттин Администрациясынын өкүлү Улугбек Нургазиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басарлары жана тармактык компаниялардын жетекчилери катышты. Коллегияда 2025-жылы энергетика тармагында аткарылган иштер жана