Кыргызстан менен Азербайжан кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууда

Кыргызстан менен Азербайжан кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууда

Министрлер Кабинетинин орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстан–Азербайжан өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынына катышуу үчүн Бакуга барып, Азербайжан Президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Жолугушууда Төрөбаев Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, акыркы жылдары эки өлкөнүн мамилелеринин жогорку деңгээлдеги ишенимдүү диалогдун негизинде стратегиялык деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи. Ильхам Алиев да жылуу саламын билдирип, кыргыз-азербайжан мамилелеринин динамикалуу өнүгүп жатканын жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса айтты.

Тараптар Борбор Азия менен Түштүк Кавказдын аймактарынын байланышын чыңдоого, туруктуу транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды тереңдетүүгө мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Өзгөчө инвестициялык кызматташтык, анын ичинде Азербайжан–Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан долбоорлорду колдоо маселелери каралды.

Сүйлөшүүдө ошондой эле энергетика, транспорт жана логистика, өз ара инвестиция, билим берүү, гуманитардык алмашуу жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечеги талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей