АКШнын вице-президенти Мадуронун мыйзамсыз кармалышы тууралуу сын-пикирлерге жооп берди

АКШнын вице-президенти Мадуронун мыйзамсыз кармалышы тууралуу сын-пикирлерге жооп берди

АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс АКШнын Венесуэлага каршы аракеттерине, тактап айтканда, Венесуэланын президенти Николас Мадуронун АКШ күчтөрү тарабынан кармалышына карата сын-пикирлерге жооп берди.

Чет өлкөдө жашаса эле, АКШнын сот адилеттигинен эч ким кутулуп кете албастыгын Джей Ди Вэнс X социалдык медиа платформасында билдирди.

"Анын кармалуусу "мыйзамсыз" болгонун айткан ар бир адам үчүн дагы бир маанилүү эскертүү: Мадуро АКШда бир нече наркотерроризм боюнча айыпталууда. Сен Каракастагы сарайда жашап калсаң эле АКШда баңгизат аткезчилиги үчүн жоопкерчиликтен кутулам, деп ойлобо", - деп жазган ал билдирүүсүндө.

Эске салсак, 3-январдын түнүндө Венесуэланын борбору Каракаста жардыруу болгон. Кийинчерээк Трамп АКШ ири соккуларды баштаганын жана Мадуро жубайы Силия Флорес менен кошо кармалып, өлкөдөн чыгарылып кеткендигин билдирген. АКШнын башкы прокурору Памела Бондинин айтымында, алар жакында Нью-Йорктун Түштүк районундагы сотто пайда болушат. Мадурону төрт өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы күтүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчөт

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчөт

2026-жылдын 24-мартында саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, суу берүүнү токтотуунун себеби  «Северный» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.  Мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Мыйзамдын максаты мамлекеттик алым төлөөдө жарандар үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.  Мыйзамда мамлекеттик алымды банкоматтар, төлөм терминалдары, интернет-банкинг, электрондук

Айт маарек болсун!

Айт маарек болсун!

Урматтуу "Ишкер медианын" окурмандары! Сиздерди бүгүнкү Ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз! Орозо айы – Аллахтын ырайымына бөлөнүү, адамдык сапаттарды чыңдоо жана адеп-ахлакка бекем туруунун учуру болсо, Орозо Айт майрамы – бизди жакшылыкка, биримдикке, ыйманга жана сүйүүгө чакырган берекелүү күн болуп саналат. Ушундай ыйык күндө сиздерге - бакубат жашоо, кемибес

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан автоунаа экспорту 2026-жылдын башынан бери 1,5 эсеге өскөнүн Кытай автоөндүрүүчүлөр ассоциациясы билдирди. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын алгачкы эки айында Кытайдан экспорттолгон автоунаалардын саны 1,35 млн даанадан ашып, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 48,4%га көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, жаңы энергия булактарында иштеген автоунаалардын (NEV) экспорту 110%