Президент: МИКтин уставдык капиталы 87,5 млрд сомго жетти

Президент: МИКтин уставдык капиталы 87,5 млрд сомго жетти

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан салынып жаткан турак жайлардын баасы базардагы баадан кыйла төмөн. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Президенттин айтымында, МИК аркылуу берилген батирлер 25 жылга, алгачкы төлөмсүз сунушталат. Бишкек шаарында мамлекеттик турак жай программасынын алкагында 1 чарчы метрдин баасы жайгашкан районуна жараша 900–1 000 АКШ долларын түзөт.

МИКтин “Социалдык ипотека” (жалгыз бой энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана алардын камкорчулары) жана “Жеңилдетилген ипотека” (мугалимдер, дарыгерлер жана бюджеттик кызматкерлер) багыттары боюнча батирлер жылдык 4% менен, 25 жылга, алгачкы төлөмсүз берилет. Ал эми “Арзан ипотека” багыты боюнча пайыздык чен жылына 8% түзөт.

Мындан тышкары, “Үлүштүк курулуш” механизми аркылуу батирлердин 1 чарчы метринин баасы 1 000–1 400 долларды түзөт. Бул программа негизинен чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттарга багытталган. Анда жарандар батирдин наркынын 50%ын дароо төлөп, калган бөлүгүн 15 жылга чейин бөлүп төлөшөт.

Президент базардагы бааларга салыштырмалуу МИКтин сунушу кыйла жеткиликтүү экенин белгиледи. Анын айтымында, Бишкекте жаңы курулуп жаткан батирлердин 1 чарчы метри 2 000–3 000 долларга чейин жетет жана көбүнчө ремонту жок абалда сунушталат. Ал эми МИКтин объектилери толук бүткөрүлгөн (“под ключ”) форматта берилет.

2025-жылдын жыйынтыгы менен 4 662 үй-бүлө турак жайга ээ болду. Салыштырмалуу алганда, 2024-жылы бул көрсөткүч 1 197 үй-бүлөнү түзгөн.

Учурда республика боюнча жалпы 80 245 батир курулуп жатат. Алардын жалпы аянты 5,4 млн чарчы метрди түзөт. 2026-жылы 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Анын ичинде Бишкек шаарында — 6 323, Чүй облусунда — 3 129, Манас шаарында — 3 219 батир курулат.

Садыр Жапаровдун айтымында, МИК батирлерди өздүк наркынан бир аз жогору баада сатууга аргасыз. Себеби компания масштабдуу курулуштарды улантып, узак мөөнөттүү программаларды ишке ашырышы керек.

“Эгер батирлерди өздүк наркында эле берсек, компания 25 жылдык мөөнөт, инфляция жана минималдуу кирешени эске алганда банкрот болуп калмак”, — деди президент.

Ошол эле учурда мамлекет мигранттар үчүн өзүнчө кезек түзүү жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кошумча жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгаарын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей