Ысык-Көл эми атайын техника менен тазалана баштайт
Министрлер кабинети Ысык-Көлдүн жээк аймактарын жана түбүн тиричилик таштандыларынан техника менен терең тазалоо тартибин бекитти.
Бул токтом президенттин Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар тууралуу жарлыгын аткаруунун алкагында жана аймактын экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү жөнүндө мыйзамга ылайык кабыл алынды.
Жаңы тартип жээк тилкесинде жана суу астында иштеген атайын техниканын иштөө эрежелерин, ошондой эле жээк аймагында жана көлдүн түбүндө топтолгон таштандыларды тазалоо ыкмаларын аныктайт.
Документ мындан аркы булгануунун алдын алууга, жаратылыш чөйрөсүн калыбына келтирүүгө жана курорттук аймактын экологиялык коопсуздугун камсыздоого багытталган.