Адылбек Касымалиев: Коомдук коопсуздук –экономикалык өсүштүн негизи

Адылбек Касымалиев: Коомдук коопсуздук –экономикалык өсүштүн негизи

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына арналган коллегияга катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Коллегияда ички иштер министри Улан Ниязбеков кылмыштуулук менен күрөшүүнүн жыйынтыктары, милициянын ишине санариптик технологияларды киргизүү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маалымат берди.

Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин өздүк курамына эл аралык жогорку деңгээлдеги иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыз кылганы үчүн ыраазычылык билдирип, ИИМ калк менен түз иштеген маанилүү мамлекеттик орган экенин белгиледи.

Ал коомдук тынчтык жана туруктуулук экономикалык өнүгүүнүн негизги шарты экенин айтып, коопсуздук болбосо улуттук экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эместигин баса белгиледи.

Ошондой эле 2025-жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджети 1 триллион сомдон ашып, 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик беш эсеге өскөнүн белгиледи. Бул динамикалык экономикалык өсүштүн жыйынтыгы экени айтылды.

Иш-чаранын соңунда кызматтык милдеттерин мыкты аткарган ИИМ кызматкерлерине Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары жана ыраазычылыктары тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта